Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Кыргыз-казак өкмөт аралык жыйыны өтөт


Кыргыз-казак желектери.
Кыргыз-казак желектери.

Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт аралык жыйыны өтөт. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган кыргыз делегациясы катышарын өкмөт өкүлдөрү кабарлашты.

Бүгүн башталчу жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланат. Абылгазиев казак өкмөтүнүн башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуу өткөрөт.

Кыргыз премьери Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу боюнча салтанатка катышары айтылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG