Венесуэладагы саясий жана гуманитардык кризистен улам 2,5 миллиондой киши өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дужарик билдирди. Тамак-аштын жана дары-дармектин жетишсиздиги венесуэлалыктарды коңшу Колумбияга, Эквадорго, Перуга жана Бразилияга жер которуп кетүүгө аргасыз кылды.
Венесуэла кийинки жылдары оор экономикалык кризисте. Абал буга чейин болуп көрбөгөндөй инфляция жана президент Николас Мадурого каршы акциялар менен коштолууда. Түштүк Америкадагы бул мамлекеттин коңшуларынын бири Бразилия мигранттардын толкунунан улам чек арасын бир нече саатка жапкан. Эквадор Колумбия менен чектеш жайгашкан үч провинциясында өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Венесуэладан качкындар Колумбия аркылуу Эквадорго өтүүгө аракет кылышат.