Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Кабулда чалгын агенттигине куралдуу кол салуу болду


Шаршембиде Кабулдагы жардыруудан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. 15-август, 2018-жыл.
Шаршембиде Кабулдагы жардыруудан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. 15-август, 2018-жыл.

Куралдуу адамдар Ооганстандын Кабулдагы чалгын агенттигинин даярдоо борборуна кол салышканын полиция билдирди. Полициянын офицери Абдул Рахмандын маалыматына караганда, 16-августта кол салгандар Улуттук коопсуздук башкармалыгынын корпусунун жанындагы имаратка жашынып алышкан.

Кабул полициясынын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай белгисиз бирөөлөр гранаталар жана башка курал-жарак менен кол салышканын ырастады. Окуя богон жерге атайын күчтөр тартылганын Ички иштер министрлигинин өкүлү кабарлады.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жана ким кол салганы азырынча айтыла элек.

Шаршембиде Кабулдагы жардыруудан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Кол салуу Кабулдун батыш тарабындагы шииттер жашаган аймакта болду.

XS
SM
MD
LG