17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29 градуска жетет.
Бишкекте 17-августта жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.