Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

КСДПнын Панфилов районундагы айрым мүчөлөрү партия лидерине каршы чыкты


КСДПнын аймактык жыйыны. Чүй облусу, Москва району. 10-июль, 2018-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Панфилов районундагы айрым мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Социал-демократиялык жыйындын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Анын айтымында, жыйынга чогулган жүздөн ашык партия мүчөсү Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты.

Буга чейин мындай жыйын Москва районунда өткөн.

Буга чейин КСДПнын борбордук штабы жыйынга катышкандар жана Абдрахманов партиянын мүчөсү эмес экенин билдирген. Партия тараткан билдирүүдө Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери өзүнүн айланасына таарынган партиялаштарын чогултуу аракеттерин көрүп жатканы жазылган.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG