Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Абактагы саясатчылар ачкачылык жарыялашты


Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров.

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бүгүн, 16-августта ачкачылык акциясын баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Толубай Закишев кабарлады. Анын айтымында, саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн дээрлик эки жарым айдан бери ала албай жатышканын белгилешкен.

- Сотолуучулар Кадыров жана Асанов тамактан баш тарта турганын белгилеп бүгүн 17:20да арыз жазышты. Бирок суу иче беришет. Алар Жогорку соттун өкүмү менен тааныша албай жаткан себептен ушундай кадамга барып жатышканын белгилешкен. Соттун өкүмү бизге келе элек, келсе эле тааныштырабыз.

Аты аталган саясатчылар 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылар жана алардын жакындары, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сот чечимдерин кайра кароону, териштирүүнү, тергөөдөгү алар мыйзам бузулду деп эсептеген учурлар боюнча атайын комиссия түзүп, иликтөөнү талап кылып келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG