Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Беларус президенти Рамзан Кадыровду “Эл достугу” ордени менен сыйлады


Беларус президенти Александр Лукашенко менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун Минск шаарындагы жолугушуусу. 25-сентябрь, 2017-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун Минск шаарындагы жолугушуусу. 25-сентябрь, 2017-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду “Эл достугу” ордени менен сыйлады. Бул тууралуу БелТА агенттиги беларус президентинин басма сөз кызматына таянып жазды. “Кадыров Беларус менен Чеченстандын ортосундагы достукту жана ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн” сыйланганы белгиленген.

Алтын, күмүш жалатылган “Эл достугу” ордени – Беларустун чет элдик жарандарга берилген жогорку мамлекеттик сыйлыгы.

Буга чейин Лукашенко ушундай эле орденди Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевге, ал өлкөдөн чыгып кетип, Минск шаарына жайгашкандан кийин 2014-жылы тапшырган. Бул Кыргызстанда бир топ нааразылыкты жараткан. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG