Аламүдүн райондук милициясы эки жумадан бери эки өспүрүм кыздарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, районго караштуу Ак-Тилек айылынын тургундары 15 жаштагы Бегимай Акматалиева менен 13 жаштагы Аземгүл Койлубаева 4-августта үйлөрүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Милиция бул кыздарды көргөн-билгендер болсо байланышка чыгууну суранды.
Бул үчүн 0(312) 36-35-27, 0(550) 51-09-05, 0(700) 20-96-66 номурларына чалып кабар берсе болот. (BkA)