Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

“Коопсуз шаар” долбоорун жыл аягына чейин ишке ашыруу болжолдонууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун ишке кириши аны ишке ашырган компаниядан көз каранды.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, долбоор боюнча тендерге келген сунуштар 23-августка чейин кабыл алынат. Андан соң тендердик комиссия келген сунуштардын ичинен ылайыктуусун тандап алып, келишим түзүшү керек.

- Долбоордун алгачкы жыйынтыктары быйыл жыл аягында же кийинки жылдын башында көрүнөт деп болжолдонууда. Бирок бул нерсе долбоорду ишке ашырган компанияга көз каранды. Себеби, керектүү жабдыктарды алып келүү, орнотуу зарыл, - деп билдирди комитеттин директорунун орун басары Кубанычбек Шатемиров.

Шатемиров кошумчалагандай, тендерге катышуу үчүн бардык кызыкчылыгы бар тараптарга маалымат берилди. Алардын арасында буга чейин долбоорду ишке ашырууга сунуш берген компаниялар бар. Бирок алардын канчасы тендерге катышканы 23-августтан соң белгилүү болот.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер быйыл 20-июлда жарыяланган. Жеңип чыккан компания баш калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотушу керек.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпашы керек. Каржылоону тендерден уткан компания жүргүзөт, кыргыз өкмөтү компаниядан эреже бузулган учурлар тууралуу маалыматтарды сатып алат.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорун акыркы алты жылдан бери тынбай айтылып келгени менен жүзөгө аша элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG