Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

“Коопсуз шаар”: Бишкекте 38 кесилишке көзөмөл камералары орнотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы 38 кесилишке жана төрт жолго көзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Манас аэропорту, Бишкек-Кемин жана Бишкек-Кара-Балта жолдоруна 48 камера орнотулат. Бул камералар жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктамакчы.

Маалыматтык технологиялар комитетинин өкүлү буга чейин сыноо максатында коюлган Бишкектеги төрт камера 2 миллиондон ашык автоунаанын 113 миңи жол эрежесинин бузганын аныктаганын билдирди. Андан 11 миллион сом айыппул чогултулган.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер быйыл 20-июлда жарыяланган. Жеңип чыккан компания калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотушу керек. Тендердин жыйынтыгы 23-августта жарыяланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG