Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Бишкекте көкбөрү боюнча президенттин кубогу өтөт


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Эгемендик майрамына карата баш калаадагы “Ак-Кула” ат майданында улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өтөт. Мелдештер 6 спорттун түрү боюнча өтүп, ага: ат чабыш (20 чакырым), тай чабыш (5 чакырым), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (9 чакырым), кунан жорго (5 чакырым) жана бышты жорго (7 чакырым) кирди.

Ат оюндарынын негизги бөлүгүн көкбөрү мелдештери түзмөкчү. Бул оюнда командалар президенттин кубогун талашат. Учурда көкбөрүгө катышуу үчүн 12 команда арыз берди. Алар - “Келечек”, “Арашан”, “Четинди”, “Төш булак”, “Бакубат Талас”, “Сынташ”, “Алыкул”, “Бакай-Ата”, “Сокулук”, “Көк жал”, “Толкун”, “Сары-Өзөн – Рассвет” командалары.

Ат оюндары 24-августта башталып, 30-августта жыйынтыкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG