Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Ооганстандын президенти согуш болгон Газни шаарына барды


Ооганстандын президенти Ашраф Гани Газни шаарынын тургундары менен жолугушуп жатат. 17-август, 2018-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Газни шаарынын тургундары менен жолугушуп жатат. 17-август, 2018-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани апта башында талибдерден дээрлик бошотулган Газни шаарына 17-августта барды. Президент жергиликтүү уруулардын аксакалдары жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп жатканда шаарды көздөй үч ракета учурулганы маалымдалды.

Жергиликтүү бийлик эч ким жабыркабаганын жана Гани коопсуз жерде экенин билдирди. Ракеталык чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Президенттин сапарын утурлай АКШнын коргоо министри Жим Маттис билдирүү жасап, «Талибандын» согушкерлери шаардын сыртына сүрүлүп чыгарылганын жана Газнидеги кырдаал туруктуу экенин айткан.

Расмий бийлик Кабул менен Кандагар шаарларын байланыштырган кан жолдун боюнда жайгашып, стратегиялык мааниге ээ болгон Газни шаары үчүн уруштарда өкмөттүк күчтөрдүн жүздөй өкүлү жана отуздай жайкын тургун курман болгонун билдирди. Ал эми согушкерлердин арасынан да ондогон адамдар өлгөнү кабарланууда.

Газни Ооганстандагы жетинчи чоң шаар, калкынын саны 270 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG