Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Активист мэр шайлоо боюнча Бишкектин район аралык сотуна кайрылды

Канышай Мамыркулова Бишкек мэрин шайлоого байланыштуу митингде. 8-август, 2018-жыл.
Канышай Мамыркулова Бишкек мэрин шайлоого байланыштуу митингде. 8-август, 2018-жыл.

Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулова Бишкектин район аралык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу журналист “Азаттыкка” өзү кабарлады. Ал арызында буга чейинки Бишкектин Биринчи май райондук соту карабай койгон кайрылууну канааттандырууну суранды.

Анда Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.

Бул кырдаалга жооптуу катары Мамыркулова өкмөттүн, Мамлекеттик тил комиссиясынын, БШКнын, "Кыргызтест" мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн болчу.

Быйыл 26-июлда мэр кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган.

8-августта мэр шайлоо атаандашсыз өтүп, шаардык кеңеш көпчүлүк добуш менен Азиз Суракматовду ушул кызматка шайлап, ушул аптада ишине киришти. (BkA)

.

XS
SM
MD
LG