Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Азия оюндары: кыргыз футболчулары Бахрейн менен тең ойноду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейн менен ойноду. Кыргыз футболчулары оюндун аягына чейин 2:1 эсеби менен алдыда келе жатса да оюн бүтөргө бир мүнөт калганда дарбазага гол өткөрүп ийишти. Натыйжада жалпы жыйынтык 2:2 тең чыгыш менен аяктады.

15-августта Кыргызстан 3:1 эсебинде Малайзияга утулуп калган. Эми 20-августта Кыргызстан Түштүк Корея менен чечүүчү оюнду өткөрөт жана тайпадан чыгыш үчүн кыргызстандыктар тек гана утушу керек. Азырынча кыргызстандык футболчуларда бир упай бар. Тайпанын көч башын Түштүк Корея менен Малайзия үчтөн упай менен баштап келатат.

Азия оюндарынын расмий ачылыш салтанаты эртең 18-августта болот. Оюндар 2-сентябрга чейин уланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG