Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Италия көпүрө кырсыгына байланыштуу аза күтүүдө


Италияда ондогон өмүрү кыйылган көпүрө кырсыгына байланыштуу 18-августта улуттук аза күтүү жарыяланды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, набыт болгондордун саны 42 кишиге жетти, анын үчөө балдар.

15-августта Генуя шаарындагы Моранди көпүрөсү урап түшүп, 50 метрдей бийиктен ондогон автоунаалар кулаган. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка көпүрөнү тиреп турган устундун эскиргени себеп болгон. Астындагы турак жайлар да олуттуу зыян тартты.

Каза тапкан 18 адамдын үй-бүлөсү мамлекеттик аза күтүү зыйнатына катышарын билдирди. Калгандары баш тартты. Алар бул кырсыкка чиновниктер жоопкерчилик алышы керектигин белгилешүүдө.

1960-жылдары курулган, узундугу 200 метр көпүрө автомагистралдын бөлүгү болчу. Оңдоо иштери акыркы жолу эки жыл мурда жасалган.

XS
SM
MD
LG