Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Пакистанда жаңы өкмөт башчы Имран Хан ант берди


Пакистанда спорттун крикет түрүнүн мурдагы жылдызы Имран Хан өлкөнүн премьер-министри катары 18-августта ант берди. 

65 жаштагы Имран Хандын партиялаштары парламенттеги көпчүлүк орунга ээ. Оппозиция лидери катары таанылган Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы 26-июлдагы шайлоодо жеңген. 

Имран Хан Аткинсон коллежинде, андан кийин Улуу Британиядагы Вустер падышачылык гимназиясында окуган. 1972-жылы Оксфорддогу Кэбл-коллежде философия, саясат жана экономика тармагында билим алган.

16 жашынан крикет менен шугулданып, 1976-жылы улуттук курама командага кошулган. 39 жашка чейин кураманын лидери болгон. 

 

XS
SM
MD
LG