Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Орусия Чыңгыз Айтматовдун урматына флешмоб баштайт


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына дүйнөлүк флешмоб өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Мария Захарованын маалыматына таянып, ТАСС агенттиги кабарлады.

Флешмобдун шартына ылайык, адамдар 2018-жылдын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны социалдык тармактарда жарыялашы керек. Жөн гана жарыялабай, орус, англис тилдеринде #читаемАйтматова жана #readAitmatov деген хэштег жазылышы кажет.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Кыргызстандын Талас өрөөнүндө төрөлгөн. 2008-жылы дүйнө салган. Көзү тирүү болсо, быйыл 90 жашка чыкмак. Роман, повесттери 200гө жакын тилге которулган.

Залкардын 90 жылдыгын эскерүү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүп, бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө.

Жазуучунун урматына "Азаттык" радиосу окурман, угарман, көрөрмандардын арасында "Мен билген Айтматов" аттуу сынак жарыялап, атайын мини сайт ачылган.

XS
SM
MD
LG