Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айылында 19-августта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Өзбекстан жана Кыргызстандын түрдүү аймактарынан чогулган 200гө чукул балбан 70-90 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Мелдешти өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү өткөрүүдө.
Жеңүүчүлөргө үч токулма ат жана акчалай сыйлыктар каралган. Мындай таймаш былтыр да болгон.
Быйылкысы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында облуста белгиленген 100дөн ашуун иш-чаранын бири катары өтүүдө.
Таймаштарды көрүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келген. (RsK)