Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Орусия: Сергей Удальцов абактан ооруканага жеткирилди


Сергей Удальцов Москванын борборундагы митингде, 28-июль, 2018-жыл.
Сергей Удальцов Москванын борборундагы митингде, 28-июль, 2018-жыл.

"Солчул фронт" кыймылынын координатору Сергей Удальцов атайын кармоочу жайда кургак ачкачылык кармай баштаганынын бешинчи күнү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу оппозициялык активист "Твиттер" баракчасына өзү жазды. Ал Москвадагы №52 ооруканага "организмине суу жетпей калган" деген диагноз менен жаткырылды.

Августтун ортосунда Москванын соту Удальцовду митинг уюштурууда мыйзамды кайрадан бузганы үчүн 30 күнгө камаган. 28-июлда активист шаардык бийлик уруксат берген Орусиядагы пенсиялык реформага каршы митингге катышкан.

Полиция болсо ошол күнү Удальцов мыйзамсыз митинг уюштурганын билдирген. Анда активист "орус өкмөт мүчөлөрүнө түспөлдөш" адамдардын сүрөтү тартылган плакаттарды өрттөгөн.

Активист камакка алынган соң пенсиялык реформага каршы кургак ачкачылык баштаган.

XS
SM
MD
LG