Ооганстандын Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылы автобуста бараткан 100дөн ашуун кишини, анын ичинде аялдар менен балдарды барымтага алганын ооган бийлигинин өкүлдөрү билдиришти. Жекшембиде ооган президенти Ашраф Гани “Талибан” радикал кыймылын Курман айтта ок атышууну токтотууга чакырган.
Кундуз провинциясынын башчысы Мохаммад Юсуф Аюби дүйшөмбүдө талибдер Ханабад шаарына чукул жерде бараткан үч автобусту токтотуп, жүргүнчүлөрдү алып кеткенин билдирди. Аюбинин айтымында, “Талибан” жүргүнчүлөрдүн ичинен мамлекеттик кызматкерлерди жана алардын үй-бүлөлөрүн издеп жатат.
Провинциянын коопсуздук кызматынын жетекчиси барымтага түшкөндөр Никпе деген кыштакка алынып кеткенин айтты.
Коңшу Тахар провинциясынын полиция башчысы Абдул Рахман Акташ колго түшкөндөр Кабул шаарына бараткан Бадахшан жана Тахар провинцияларынын тургундары экенин билдирди.
TOLO маалымат агенттиги коопсуздук күчтөрү ошол аймакка барганын, ушул тапта катуу кармаш жүрүп жатканын кабарлады.
18-августта “Талибан” кыймылынын лидери молдо Хайбатулла Ахунзада билдирүү таратып, кыймыл ооган бийлиги менен эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын айтып, Кабулдагы өкмөттү “куурчак” деп атаган.