Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Эки Корея: 70 жыл көрүшпөгөн туугандар жолугат


Түндүк Кореяга туугандарын көрүүгө бараткан түштүк кореялыктар. 20-август, 2018-жыл.
Түндүк Кореяга туугандарын көрүүгө бараткан түштүк кореялыктар. 20-август, 2018-жыл.

Түштүк кореялык 89 улгайып калган жаранды салган 14 автобустан турган кербен 20-августта эртең менен Түндүк Кореянын чек арасынан өттү. Алар Кумгаң тоосундагы эс алуучу жайда үч күн бою 70 жылдан бери көрүшпөгөн туугандары менен бирге болушат.

Бул үй-бүлөлөр 1950-1953-жылдардагы согушта экиге бөлүнүп калган. Согуштук аракеттер токтогону менен эки Кореянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган эмес.

Күндүн ысыгына карабай, майрамдагыдай жасанып кийинген түштүк кореялык жарандар полициянын жана дарыгерлердин коштоосунда чек арадагы демилитаризацияланган аймактан өтүштү.

Жыл башынан бери эки Кореянын ортосунда алакалар жанданып, Корей жарым аралында тынчтык орнотуу жараяны башталды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин апрелде өткөн биринчи саммитте согушта бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү кезиктирүүнү макулдашып, Пхеньян менен Сеулдун кызматташтыгынын бир канча багыттарын сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG