Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Евросоюз Грецияга экономикалык көмөгүн токтотту


Афины шаарында желбиреген Евробиримдик менен Грециянын желектери. 10-октябрь, 2011-жыл.
Афины шаарында желбиреген Евробиримдик менен Грециянын желектери. 10-октябрь, 2011-жыл.

Грецияга берилген макрофинансылык жардамдын үчүнчү программасы ийгиликтүү аягына чыкканы дүйшөмбүдө жарыяланды. «Европанын турукташтыруу механизми» фондунун билдирүүсүндө «абдан ыңгайлуу шартта берилген үстөксүз насыянын аркасы менен өлкө өз экономикасын модернизациялап, инвесторлордун ишенимин калыбына келтире алганы» айтылат.

Европалык топтун башчысы Марио Чентеро Грециядагы реформанын алгылыктуу жактарын белгилеп, өлкөнүн экономикасынын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнүн пайдубалы түзүлгөнүн, бюджет менен соода өсүп, жумушсуздук азаярын белгиледи. Программанын ийгиликтүү аяктаганын ал Греция жана жалпы эле Евробиримдик үчүн «жакшы белги» деп баалады.

Фонд мындан ары Грецияда жаңы программаны ишке киргизбейт. Бирок Грециянын мурдагы финансы министри Янис Варуфакис маалымат агенттиктеринин бири менен болгон маегинде өлкө «баягыдай эле итке минген абалда экенин» айтты.

Соңку сегиз жылда Афины каржылык каатчылыктан улам «Европанын турукташтыруу механизми» фонду менен "Каржылык туруктуулук" фондунан 200 миллиард евро насыя алган.

Программаны ишке ашырууда грек бийлиги экономикалык кескин чараларды киргизип, анын ичинде пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү азайткан.

Евробиримдиктин мындай экономикалык көмөгү мурда Ирландияга, Испанияга, Португалияга жана Кипрге да берилген.

XS
SM
MD
LG