Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Греция каржы кризисин жеңдиби?


Греция менен Евобиримдиктин байрактары.
Греция менен Евобиримдиктин байрактары.

Греция каржылык кризистин оор мезгилин басып өттү, мындан ары өз алдынча каржы саясатын жүргүзүүгө жөндөмдүү. 22-июнда евроаймактын каржы министрлери ушундай чечим кабыл алышты жана Грецияга жардам берүү боюнча программа августта аяктай турганын расмий билдиришти.

Греция 2015-жылы дефолтко жакындап калганда Евроаймак менен мунаса таап, бир катар реформаларды жүргүзүү милдетин алган, анын ордуна ага ири каржылык жардам көрсөтүлгөн.

Греция 2010-жылдан бери евроаймактагы өлкөлөрдөн алган карыздардын жардамы менен жашап келди. Сегиз жылдын ичинде Афины үч программанын алкагында төмөнкү пайыз менен 240 миллиард евро өлчөмүндө карыз алган. Афиныга жардам берүүнүн башкы максаты – дефолтко жакындап калган Грециянын Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жана евроаймактын турукташтыруу фонддорунун жардамысыз каржы базарында өз алдынча саясат жүргүзүшүнө жетишүү болчу. Европалык турукташтыруу механизминин башкы директору Клаус Релинг Афиныга кайрылып мындай деди:

- Баарыбыз, Греция да, Евроаймак да узак жол бастык. Мен Грецияны үчүнчү программанын аякташы менен куттуктайм. Евроаймак менен тилектеш болуу үчүн жасалган реформалар жана түзөтүүлөр - болуп көрбөгөндөй чоң иштер.

2010-жылдан берки эки программа өз максатына жетпей калган соң 2015-жылы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн жана карама-каршылыктардан кийин жардам берүү боюнча үчүнчү программа киргизилген. Ал учурда Грециянын бюджет чыгымы көбөйүп, өкмөт мамлекеттик карызын башкара албай, туура эмес жүргүзүлгөн экономикалык жана социалдык камсыздандыруу саясатынан улам насыя берүүчүлөр аны менен кызматташуудан баш тарткан.

Евроаймак жана башка эл аралык каржы уюмдары грек өкмөтүнөн салык жана пенсия реформасын жүргүзүүнү, пенсия курагын узартууну, кошумча нарк салыгын көбөйтүүнү талап кылып, реформасыз жаңы карыз берилбей турганын эскертишкен. Мындан тышкары Грецияга жыл сайын бюджеттик чыгымдарды 12 млрд. еврого кыскартуу талабы коюлган.

Жума күнкү басма сөз жыйынында евротоптун башчысы Марио Сентено Алексис Ципрас башында турган грек өкмөтү шарттардын баарын аткарганын билдирди:

- Бүгүн күндө институттар Греция бардык 88 шартты аткарганын ырасташты. Бул Греция Европалык турукташтыруу боюнча механизмди ийгиликтүү аткарганын көрсөтөт.

Евроаймактын каржы министрлери Греция эми каржы базарына өз алдынча чыгып, кызматташканга жөндөмдүү деген жыйынтыкка келишти.

Ошентсе да гректерди бул кабар кубандырган жок. 49 жаштагы Яннис Татос өлкөдө каржы кризиси дагы ондогон жылдарга уланат деп эсептейт:

- Биз дагы 40-50 жыл ушул абалда болобуз. Бул бүттү дегенге мен ишенбейм. Анткени өлкөдө биздин балдарыбыз үчүн абалды оңдой ала турган саясатчылар жок.

70 жаштагы пенсионер Кристина Воятзи "биздин келечегибиз караңгы" десе, 28 жаштагы Элвис Папаниколас буларга токтолду:

- Биздин жашоо мурдагыдай эле болот. Биздин жаштардын чет өлкөгө кетиши жана кары-картаңдардын укуктарынын тебелениши улана берет. Карыларды сыйлашпайт жана пенсиялары да кыскарат. Мындай абалга гректердин жарымы туш келип жатат.

Грециянын азыр 326 миллиард евродой карызы бар. Бул сумма өлкөнүн ИДӨсүнүн 180 пайызына барабар. Евроаймактын каржы министрлери жума күнү карыздан кутулуунун мөөнөтүн дагы 10 жылга узартып беришти. Мындан тышкары, буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, Афиныга дагы 15 миллиард евро өлчөмүндө насыя берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG