Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Караколдо “ЭКСПО Ысык-Көл” көргөзмөсү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-августта Каракол шаарында “ЭКСПО Ысык-Көл — 2018” аттуу эл аралык биринчи көргөзмө-жармаңке башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты кабарлады.

Көргөзмөгө Кыргызстандан сырткары Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Белгиянын, Германиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрү өз товарларын коюшту.

Иш-чара Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө чет элдик инвесторлорду тартуу максатын көздөйт. Көргөзмөнү жергиликтүү бийлик Кыргызстандын Соода палатасы менен чогуу уюштурган.

Быйылкы жылды президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Ага ылайык өкмөт жер-жерлерге инвесторлорду тартууну жандантаарын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG