Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты (видео)


Айсулу Тыныбекова таймашта. Архивдик сүрөт.
Айсулу Тыныбекова таймашта. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн финалга чыкты.

Жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен утуп чыкты. Ага чейин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жонг Сим Римди (Jong sim RIM), ал эми чейрек финалда кытайлык Руй Сюну (Rui XU) жеңген.

2016-жылкы Бразилияда өткөн Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн таймашта Малик Сакшиге жеңилип, 5-орунга ээ болгон эле.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынайт.

20-августта кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. Ал эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, күмүш байгеге ээ болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG