Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Армениянын экс-президенти Кочаряндын үйүндө тинтүү жүрдү


Роберт Кочарян жергиликтүү телеканалга интервью берип жатат, 26-июль, 2018-жыл.
Роберт Кочарян жергиликтүү телеканалга интервью берип жатат, 26-июль, 2018-жыл.

Армениянын атайын тергөө комитети 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочаряндын үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун армян кызматына Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Марина Оганжанян билдирди.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анда кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат. Кандуу окуялар боюнча ачылган иштин алкагында Кочарянга "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылган. Экс-президент саясий куугунтукка кабылганын айткан.

Кочарян 27-июлда эки айга камакка алынган. 13-августта Армениянын апелляциялык соту анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагынан үй камагына чыгарган.

XS
SM
MD
LG