Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды жоюуну караштыра элек


АКШнын президенти Донльд Трамп "Reuters" агенттигине интервью берип жатат. 20-август, 2018-жыл.
АКШнын президенти Донльд Трамп "Reuters" агенттигине интервью берип жатат. 20-август, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды алып салууну караштыра элек экенин билдирди. Ал эгер Москва Украина жана Сирия маселесинде Вашингтондун каалоосун аткарса гана санкцияларды кайра карап көрөрүн "Reuters" жаңылыктар агенттиги менен болгон маегинде айтты.

"Бизде бири-бирибизге пайдалуу иш кыла турган толтура тармактар бар. Сирия жана Украина маселеси бар", - деди президент Трамп 20-августта жарыяланган интервьюда.

Трамп ошондой эле орус президенти Владимир Путин өткөн айда Хелсинкидеги саммитте АКШдан санкцияларды алып салууну өтүнбөгөнүн кошумчалады. Бирок анын айтымында, дээрлик эки саатка созулган сүйлөшүүдө Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинадагы жаңжал, Орусиядан Германияга газ жеткире турган "Түндүк агым - 2" долбоору сыяктуу маселелер талкууланган.

АКШ Крым жарым аралынын аннексиясынан кийин алгач Орусияга 2014-жылы санкция киргизген. Москванын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодогу болжолдуу ролуна байланыштуу АКШнын санкциялары мурдагыдан да кеңейтилген.

8-августта АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизерин жарыялаган. Орусия Вашингтондун бул аракетине "мыйзамсыз" деп баа берген. Премьер-министр Дмитрий Медведев АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү аракетин "экономикалык согушка" салыштырган.

XS
SM
MD
LG