Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:09

"Microsoft" «орусиялык хакерлер» түзгөн жалган сайттарды тапты


"Microsoft" компаниясынын Москвадагы кеңсесине илинген жазуу. 15-январь, 2018-жыл.
"Microsoft" компаниясынын Москвадагы кеңсесине илинген жазуу. 15-январь, 2018-жыл.

Америкалык "Microsoft" компаниясы ноябрда АКШнын Конгрессине болчу шайлоого Орусия тараптан таасир этүү аракеттери байкалганын билдирди. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги жазды.

Компаниянын билдиргенине караганда, Орусиянын өкмөтү менен байланышы бар хакерлердин тобу АКШдагы Хадсон институту менен Эл аралык республикалык институттун интернет-домендеринин жалган көчүрмөсүн түзүшкөн. Хакерлер ошондой эле АКШ Сенатынын сайтына окшош дагы үч жалган дарек жасашкан.

Эл аралык республикалык институтту Орусияны катуу сындаган Митт Ромни баштаган алты республикачыл сенатор кирген кеңеш башкарат.

"Microsoft" чабуулду "Fancy Bear же APT28" деген ат менен дагы белгилүү "Strontium” тобу жасаганын билдирди. Компаниянын президенти Брэд Смит журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «мындай аракет демократияны алсыратууга багытталган» деп, жалган сайттарга азырынча эч ким кирбегенин бышыктады.

2016-жылдан бери "Microsoft" компаниясы жогорудагы хакерлик топ түзгөн “жалган домендерди” жок кылуу укугуна ээ болуш үчүн соттошуп келет. Акыры компания 84 сайтты жок кылууга уруксат алды.

Москва "Fancy Bear” тобунун аракетин, деги эле Кремлдин башка өлкөлөрдүн шайлоосуна кайсы бир жол менен таасир эткенин танып келатат.

XS
SM
MD
LG