Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Британия Евробиримдикти Орусияга жаңы санкция салууга үндөйт


Британ тышкы ишер министри Жереми Хант, 15-август, 2018-жыл.
Британ тышкы ишер министри Жереми Хант, 15-август, 2018-жыл.

Британ тышкы иштер министри Жереми Хант Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылгандан кийин Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырарын билдирди. Бул тууралуу Хант шейшембиде Вашингтондо сүйлөй турган сөзүндө айтат.

Британ министринин белгилешинче, Евобиримдик Москвага карата санкцияларды катаалдаштырууга камынып турган Кошмо Штаттардын демилгесине кошулуусу керек.

Хант Скрипалдарга болгон кол салуудан жана Крымдын аннексиясынан кийин Брюссел Москвага басымды күчөтүп, эл аралык нормаларды сактоого мажбуралышы керек деп эсептейт.

8-августта АКШ Британияда Скрипалдардын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизерин жарыялаган. Орусия Вашингтондун бул аракетине "мыйзамсыз" деп баа берген. Премьер-министр Дмитрий Медведев АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү аракетин "экономикалык согушка" салыштырган.

XS
SM
MD
LG