Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Кабулда президенттик сарайга ракета аткан үч согушкер өлтүрүлдү


Ооган армиясынын тик учагы Кабулдун борборун айланып учуп баратат. 21-август, 2018-жыл.
Ооган армиясынын тик учагы Кабулдун борборун айланып учуп баратат. 21-август, 2018-жыл.

Ооган бийлиги баш калаа Кабулдун борборунда президент Ашраф Гани Курман айт майрамы менен элин куттуктап жатканда ракета аткан үч согушкер өлтүрүлгөнүн билдирди.

Шаардын чок ортосунда ооган армиясынын тик учактары Кабулдагы мечиттин үстүнөн айланып учуп, ракета аткан согушкерлерди бутага алды.

Ички иштер министринин басма сөз катчысы Нажиб Даниш шаардын эски бөлүгүндөгү мечиттин жанындагы имаратты ээлеп алган үч согушкер өлтүрүлгөнүн бышыктады. Даниш куралчандарды “террорчулар” деп сыпаттап, бирок кайсы куралдуу топко тиешелүү экенин ачык айткан жок.

Президент Ашраф Гани Курман айт майрамында элге сүйлөп жаткан учурда ракетанын жарылганы угулду. Гани сөзүн бөлүп, “эгер ракета менен оогандыктарды тизелетебиз деп ойлошсо, алар жаңылышат” деп айтты. “Зордук-зомбулук көрсөтүүнү уланткан топтор ракета менен Ооганстандын өнүгүшүн токтот албайт” деп сөзүн улады ооган президенти.

Полициянын билдиргенине караганда, биринчи ракета президенттин сарайына жакын, экинчиси НАТОнун өкүлчүлүгү жана АКШ элчилиги турган жерге түшкөн. Эч ким жабыркаган жок.

Расмий органдар Кабулга 12 ракета түшкөнүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG