Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

АКШ орус жарандары менен ишканаларына санкция салды


АКШнын каржы министри Стив Мнучин, 23-февраль, 2018-жыл.
АКШнын каржы министри Стив Мнучин, 23-февраль, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар шейшембиде Орусиянын эки жаранын жана орусиялык, словакиялык компанияларды мурда санкция киргизилген ишканалар менен байланышып, чектөөлөрдү айланып өтүү аракетин жасаганы үчүн айыпка жыкты.

АКШнын Каржы департаменти санкциялардын тизмесине орус жарандары Марина Царева менен Антон Нагибинди, орусиялык "Vela-Marine", словакиялык "Lacno" компанияларын киргизди.

Бул жарандар менен компаниялар АКШнын аймагында киберчабуулдарга тиешеси бар деп айыпталган «Дайвтехносервис» ишканасы менен байланышта экени белгиленет.

21-августа Кошмо Штаттар “кара тизмеге” Приморск крайында катталган деңизде жүк ташуучу «Гудзон Шиппинг» ишканасын жана Санкт-Петербугдагы «Партизан» кемесин, ага кошуп дагы беш кемени киргизген. Алар Түндүк Кореяга каршы киргизилген "санкциялык режимди бузган" деп табылды.

Каржы департаменти Британияда Скрипалдардын ууландырылышына байланыштуу Орусияга кошумча санкцияларды 22-августта киргизерин жарыялаган.

АКШ Сенатынын эки комитетинде Москвага каршы экономикалык чектөөлөрдү күчөтүү жөнүндө талкуу өтөт.

XS
SM
MD
LG