Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары Коомдук биринчи каналдын «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Кырчын этношаарчасында өтө турган негизги маданий программанын дээрлик бардыгын түз эфирден көрсө болот. Алар – «Көчмөндөрдүн алтын кылымы» аттуу театрлашкан көрсөтүү, «Айтыш» эл аралык сынагынын финалы, «Көчмөндөрдүн оюндары» деген үч сааттык программа, чет элдик жана кыргызстандык музыка жылдыздарынын концерти.
3-6-сентябрь күндөрү маданий программа жандооч аркылуу түз эфирден көрсөтүлүп турат. (RK)