Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Эркиндик бульварынын оңдолгон тилкеси кайра жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Эркиндик бульварынын оңдолгон тилкеси кайрадан убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бульвардын Киев жана Токтогул көчөлөрү менен кесилишкен тилкеси оңдолуп бүтүп, машинелер токтой турган жерлерге атайын белги түшүрүлгөн. Бирок ал сызыктар кыйгачынан эмес, туурасынан тартылып калгандыктан кийин жол ачылганда автоунаалардын тыгынын пайда кылышы ыктымал экени айтылды.

Жол куруучулар бул катасын моюнуна алып, жакын арада аны жоё турганын билдиришти.

Кытай бөлгөн насыянын эсебинен эки жылдан бери Бишкектин ондогон көчөлөрүндө жолдор оңдолуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG