Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанда өтө турган сапары “мамлекеттик” деген макамда болот. Сапар 23-24-августка белгиленүүдө.
Анын максаты, кыргыз-түркмөн мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги тууралуу бүгүн, 22-августта журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков айтып берет.
Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга 2014-жылы барган, ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга туура үч жыл мурда, 2015-жылдын август айында келип кеткен.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2010-2017-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 73% арбыган. Экспорт 69,4%, импорт 4,5% көбөйгөн. (RK)