22-август күнү саат 09:49 чамасында Алай районунда эпицентринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жер титирөө бул райондун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркаган адамдар жана зыян тарткан имараттар болгон жок. (ErN)