Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Болтон: Брансон бошотулса АКШ-Түркия кризиси дароо бүтүшү мүмкүн


АКШ менен Түркиянын мамилесинин чыңалуусунун негизги себептеринин бирине айланган Эндрю Брансон. Измир, 25-июль, 2018-жыл.
АКШ менен Түркиянын мамилесинин чыңалуусунун негизги себептеринин бирине айланган Эндрю Брансон. Измир, 25-июль, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу "Reuters" агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

“Түркиянын өкмөтү пастор Эндрю Брансонду бошотпой коюп чоң ката кетирди, эгер ал НАТО боюнча өнөктөш жана Батыштын бир бөлүгү катары туура кадам таштап, пастор Брансонду эч шартсыз бошотсо бул кризис дароо аякташы мүмкүн”, - деди Болтон "Reuters" менен болгон маегинде.

Буга чейин Түркияны америкалык диниятчыны тезинен бошотууга президент Дональд Трамп да чакырып, болбосо жаңы санкциялар киргизилерин эскерткен.

Түркияда улуттук акча лиранын куну кетишинин жаңы баскычы АКШ 10-августтан тартып бул өлкөдө өндүрүлгөн болотко 50%, алюминийге 20% кошумча бажы салыгын киргизгенден кийинки учурга туш келди.

Вашингтон өз кезегинде Түркияга каршы экономикалык санкцияларын расмий Анкара америкалык евангелист диниятчы Эндрю Брансонду бошотпой жатканына да байланыштырган.

Эгер бир жарым жыл мурда Измир шаарында кармалып, азыр үй камагында отурган Брансон сотто күнөөлүү деп табылса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Түркия тарап аны тыңчылык жана терроризм боюнча күнөөлөп, АКШдагы түрк диниятчысы, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүлен менен карым-катышта экенин билдирген. Америкалык диниятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышкан.

Вашингтондун тариф боюнча чарасына жооп кылып Анкара да АКШ Түркияга саткан айрым товарларга, анын ичинде автоунааларга, алкоголго, тамекиге бажы салыгын көтөрөрүн жарыялаган.

АКШ Түркия үчүн төртүнчү ири соода өнөктөшү, ал эми Түркия - АКШ үчүн отуз ири соода өнөктөшүнүн катарына да кирбейт. (UE)

XS
SM
MD
LG