Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

БУУнун Коопсуздук кеңеши тажик полковнигине каршы санкциясын узартты


Гулмурод Халимовдун 2015-жылы "Ислам мамлекети" тобуна кошулганын жарыялаган учурдагы сүрөтү.
Гулмурод Халимовдун 2015-жылы "Ислам мамлекети" тобуна кошулганын жарыялаган учурдагы сүрөтү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткен мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимовго каршы санкцияларын узартты.

Санкциялардын жаңыланган тизмеси 20-августта жарыяланып, анда Халимов согушкерлер тобунун "аскердик кеңешчиси жана жаңы жоочуларды топко азгырган" адам катары мүнөздөлгөн.

Коопсуздук кеңеши "Ислам мамлекети" тобу менен "Ал-Каидага" байланышы бар адамдарга жана уюмдарга 2015-жылы санкция киргизген. Ага ылайык, "кара тизмедегилердин" мүлкү камакка алынып, алардын чек арадан өтүшүнө тыюу салынат. Халимовго карата санкциялардын узарышы Коопсуздук кеңеши аны азыр деле тирүү деп эсептей турганын көрсөтүүдө. Анткени жок кылынган согушкерлер бул тизмеден чыгарылат.

Былтыр Орусиянын Коргоо министрлиги "Ислам мамлекети" радикал тобунун "согуш министри" атыккан Гүлмурод Халимов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарынын жанындагы аба соккуларынан мерт болгонун билдирген. Кийинчерээк башка булактар анын жаракат алганын кабарлап чыгышкан.

Гүлмурод Халимов Тажикстандын Ички иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 2015-жылдын май айында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын жарыялаган. 2016-жылы АКШ анын кайда жүргөнү тууралуу маалымат бергендерге 3 миллион доллар сыйлык сунуш кылган. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG