Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарында күмүш байгенин ээси болду. 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Махмудов бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалдык бөлүктө кореялык Олимп оюндарынын чемпиону (2012-ж.) Ким Хён У менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда өзбекстандык Билан Нальгиевди 6:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда түркмөнстандык Шермет Перманов менен таймашып, мөөнөтүнөн мурда (1 мүнөт 32 секундда) 8:0 эсебинде жеңди.
Алтын байге үчүн финалдык таймашта ирандык Гарей Мохамедали менен күрөштү. Чечүүчү таймаш 7:3 эсебинде ирандык спортчунун пайдасына жыйынтыкталды.
Махмудовдон сырткары бүгүн күрөштүн ушул эле түрүнөн 97 кг. салмакта Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен күрөшүп, 2:0 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн Кыргызстандын капчыгына балбандардан тышкары оор атлет Иззат Артыков коло медалды кошту. Учурда Кыргызстан 18-Азия оюндарында 9 медаль менен жалпы командалык рейтингде 19-орунда келатат. (SDz)