Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34

Трамп мурдагы адвокатын айыптады

Майкл Коэн (солдо) жана Дональд Трамп.
Майкл Коэн (солдо) жана Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп мурда көптөгөн жылдар бою анын жеке адвокаты болгон Майкл Коэнди 22-августта “Твиттердеги” баракчасындагы комментарийлеринде күнөөлөп чыкты.

Трамптын жазгандарына караганда, Коэн америкалык прокурорлордун басымына моюн сунуп, кандайдыр бир "келишимге" жетүү үчүн окуяларды "жасаган" жаман адвокат болду.

Трамп белгилегендей, шайлоону каржылоо боюнча Коэн укук бузуу катары 21-августта мойнуна алган айрым иштер чындыгында эч кандай кылмыш эмес.

АКШ президенти жогорудагыдай көз караштарын анын мурдагы адвокаты сотто шайлоону каржылоодогу эреже бузуулар үчүн күнөөлүү экенин моюнга алгандан кийин айтууда.

Анын алдында арачылар соту Трамптын 2016-жылдагы шайлоодогу штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту ага 18 пункт боюнча тагылган айыптын сегизи боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бул иштер Дональд Трамп үчүн ал президенттик кызматка келгенден кийин кабылган эң оор укуктук кризис катары каралууда.

Ал арада анын мурдагы адвокатынын адвокаты Лэнни Дэвис CBS News телеканалы менен маегинде кардары Коэндин Манхэттендеги федералдык сотто берген көрсөтмөлөрү Трамп адвокатына “мыйзамсыз төлөмдөрдү” жүргүзүүгө көрсөтмө бергенинин ырасталышы катары мүнөздөп, Трамп “кылмыш жасаган”, ага “айып коюлушу керек”,- деп айтты.

Коэн - Трамптын мурдагы кызматташтарынын ичинен мыйзам бузганын моюна алган же айып коюлган бешинчи адам.

Коэндин да, Манафорттун да кылмыш иштери АКШда атайын прокурор Роберт Мюллердин Трамптын шайлоо штабындагы адамдар менен орусиялык расмий өкүлдөрдүн карым-катышын, ошондой эле Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтөөсүнө байланышкан.

Орусия президенти Владимир Путин менен быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн соң президент Дональд Трамп ал АКШнын чалгын жамаатынын "Орусия 2016-жылкы шайлоого кийлигишкен" деген бүтүмүн кабыл аларын дагы бир жолу ырастаган.

Ага катар Трамп Орусиянын кийлигишүүсү добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир тийгизбегенин, анын шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишип алуу болбогонун такай айтып келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG