Орус президентинин 22-августтагы сөздөрүнө караганда, эки тарап эки сааттык сүйлөшүү учурунда бардык пикир келишпестиктерди жоюуга үмүт артышкан эмес.
Бирок Путин "пикир алышуу жана көзмө-көз сүйлөшүү ар дайым пайдалуу болорун" белгилеген.
Путин бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 23-августта Женевада кездешер алдында айтты.
Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков билдиргендей, Патрушев менен Болтон “бир топ сезимтал маселелерди талкуулайт”.
Вашингтон менен Москванын ортосунда эки тараптуу иштерден тышкары Сирия, Украина боюнча пикир келишпестик да бар.
Болтон 22-августта Израилде иш сапарда жүргөн кезде Орусиянын аскер күчтөрү Сирияда азыр “тыгылып калганына" көңүл бурду.
Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хельсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Ушундан кийин да 8-августта расмий Вашингтон Орусияга каршы Скрипалдардын иши боюнча жаңы санкцияларды жарыялаган.
Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын алгачкы бөлүгү 22-августтан тарта күчүнө кирди.
Ал санкцияларга ылайык, улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бар товарларды жана технологияларды, электроника, авиация, мунай жана газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салынат.
Путин 22-августта Сочиде, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен бирге өткөргөн басма сөз жыйыны учурунда АКШнын Орусияга каршы санкциялары “контрпродуктивдүү жана маңызсыз” экенин белгиледи. (UE)