Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда 4 күмүш жана 5 коло медаль бар. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү жалпы командалык рейтингде 19-орунга жайгаштырды.
22-августта кечинде балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль алды. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде финалдык бөлүккө чыгыш үчүн күрөштө утулуп калганына ызаланып турганын айтты.
Азия оюндарынын алкагында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Анткен менен кыргыз спортчуларынын самбо, кикбокс, дзю-до жана жиу-житсу боюнча медаль алып келүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар.
18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. (SDz)