Ош облусунун Араван районунда, алдын ала маалымат боюнча, Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында намазкана өрттөнүп, андан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеме билдиргендей, намазкана өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат 23-августта эртең менен түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:15те министрликтин Араван райондук №64 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм жана Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүү иштери 07:50дө башталып, 09:28де толук бүткөн.
Маалыматтарга караганда, тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын бири - 36 жаштагы аял, ал эми экинчиси 10 жаштагы бала болчу.
22-августта Чүй облусунун Токмок шаарында үй өрттөнүп, натыйжада үч жана беш жаштагы эки бала каза болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жети айда Кыргызстанда 2 215 өрт катталып, андан 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көп. (ErN)