Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

Өзбекстандагы мамлекеттик телеканалдарга Каримовдун атын айтууга тыюу салынды


Өзбекстандагы Ислам Каримовго арналган эстеликтин жанында турган адамдар.
Өзбекстандагы Ислам Каримовго арналган эстеликтин жанында турган адамдар.

Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл башкарган биринчи президент, маркум Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынды. Мындай буйрукту президент Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов бергенин “Азаттыктын” өзбек кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Бир телеканалдын башкы редакторунун айтымында, мындай тыюу бир ай мурун салынган.

"Интеллигенциянын эски мууну дайыма Каримовду эскере жүрөт. Андыктан мындай кишилерди эфирге чыгарбоо боюнча бардык чараларды көрдүк," – деди ал.

"Ëшлар" телеканалынын журналисти да эфирде Каримовдун атын гана эмес, сүрөттөрүн жана эстеликтерин да көрсөтүүгө тыюу салынганын айтты. Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясы жана президенттин администрациясы бул боюнча расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов 2016-жылы сентябрда көз жумгандан кийин анын ордуна Шавкат Мирзиёев президент болгон.

XS
SM
MD
LG