Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Мирзиёев атайын кызматтарга ачууланды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 19-январда Сурхандарыя облусундагы жыйында эмнелерди айтканы эми гана белгилүү болду.

Мунун алдында президенттин жергиликтүү активисттер менен жолугушуусу тууралуу расмий маалымат тараган. Бирок жыйында болгон сөздөр көмүскө калган эле. Эми ачыкка чыккан аудиолордо Мирзиёев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын катуу сынга алып, "кызматтын өлкөдөгү чексиз бийлиги" аяктаганын угууга болот.

- Билесиңерби, алар элди баалабайт. Алар айлыгын жана погондорун акташ үчүн бир да иш жасай элек. Алардын жашыруун иштери бар, ал иштер мага байланыштуу. Жөнөкөй акимдин унаасынын артынан куугандын ордуна алар мени менен сүйлөшсүн. Бир райондун коопсуздук кызматынын башчысынын машинесинен акимдин машинеси озуп өткөн экен. Анан барып аны камап коюптур. Сен кимсиң өзү? Ким сага андай укук берди? Керек болсо погонуңду алып салам!

​Президенттин сөзүндө Сурхандарыя облусундагы Байсун районунун мурунку башчысы Пажи Тангриев тууралуу кеп болгон. Аны коопсуздук кызматы жергиликтүү ишкерлердин көрсөтмөсүнө таянып, 2014-жылы апрелде камакка алган.

Мирзиёев "ыйгарым укук берген адам жок” деп маркум президент Ислам Каримовду эске алдыбы же Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилигин айтып жатабы, белгисиз. Ал кезде район жана облус башчылары атайын кызматтын кутумуна кабылып, жетекчилеринен кооптонуп жашап келгени белгиленет.

Такыр болбосо да бир ушакты мойнуңа илишет. Ал заман өттү. Мен бириңе да ишенбейм.

- Эмне үчүн ызамын? Мен 13 жыл премьер-министр болуп иштедим. Мен бул жактагы абалды билем. Аким эч ким эле. Акимдер алардын кабинеттеринде отурчу. Бир нерсе дешсе эле, аларга жалаа жаап, кызматынан алып коюшчу. Такыр болбосо да бир ушакты мойнуңа илишет. Ал заман өттү. Мен бириңе да ишенбейм. Мага бириңдин да маалыматың керек эмес. Мекен үчүн, калк үчүн иште. Алар азыр эч ким эмес. Аларга андай ыйгарым укук берген адам жок азыр!

Бул жыйындан 11 күндөн кийин Өзбекстандын атайын кызматын 23 жылдан бери жетектеп келген Рустам Иноятов кызматтан алынган. Өзбекстанды жыйырма жылдан ашык былк эттирбей кармап турган Рустам Иноятов маркум Ислам Каримовдун "оң колу", тагыраак айтканда, "аталыгы" катары өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын катарында болчу. Анын кызматтан четтетилишин коомдук ишмерлер жана талдоочулар "өлкөдө коркунуч падышалыгы кыйрады" деп сыпатташты.

Буга чейин Ислам Каримовдун учурунда жогорку наам алып, коопсуздук жана күч органдарын башкарып турган эки генерал Мирзиёевдин каарына калган.

Рустам Иноятов.
Рустам Иноятов.

Өзбекстандын атайын кызмат башчысынын биринчи орун басары Шухрат Гулямов 2017-жылы кызматынан бошотулуп, камакка алынган. 53 жаштагы Шухрат Гулямов 2007-жылы Ислам Каримовдон "Өзбекстандын Баатыры" деген наам алган болчу. Ал эмгек жолун коопсуздук кызматынын Мирзиёев катуу сындаган Сурхандарыя облусундагы башкармалыгынан баштаган.

Өзбек басылмалары былтыр июлда Гулямов генерал наамынан ажыратылып, Жогорку аскердик сот аны конституциялык түзүлүшкө кол салууга жана баңгизат аткезчилигин уюштурууга күнөөлүү деп тапканын жазышкан. Мурунку генерал мүлкүнөн ажыратылып, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген.

Былтыр декабрда ички иштер министри болуп турган Адхам Ахмедбаевди Шавкат Мирзиёев "чыккынчы" деп айыптаган. Адхам Ахмедбаев убагында Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысынын орун басары Шухрат Гулямовдун тапшырмасы боюнча өлкө башчынын жана анын үй-бүлөсүнүн артынан аңдуу жүргүзгөнү айтылып жүрөт.

Сен кимсиң өзү? Ким сага андай укук берди? Керек болсо погонуңду алып салам!

Ахмедбаев Өзбекстандын ички иштер министринин кызматынан былтыр январда бошотулган. 51 жаштагы Ахмедбаев министрликти 2013-жылдын декабрынан бери башкарып келген. 2014-жылы 22-августта Өзбекстандын мурунку президенти маркум Ислам Каримов Ахмедбаевге генерал-лейтенант наамын ыйгарган.

Өзбекстанда коопсуздук кызматы жарандарды, бийлик адамдарын такай аңдып, куугунтуктаганы, өлкөдөгү каржы жана башка маанилүү тармактарды көзөмөлдөөрү айтылып келген.

Учурда Өзбекстандын коопсуздук жана күч органдарында бир катар өзгөрүүлөр жүрүп жатканы маалымдалууда. 2005-жылы Анжияндагы кандуу окуялардан кийин Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлгөн атайын даярдыктагы аскерлер кайрадан Ички иштер министрлигине берилген. Бул атайын даярдыктагы аскерлердин тобунун аталыштары жана башкы милдеттери коомчулуктан жашыруун кармалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG