Франциянын Парижден алыс эмес Трап шаарында 23-август күнү эртең менен бычак көтөргөн адам кишилерге кол салды. Мындан эки аял өлүп, дагы бирөө оор жаракат алды. Бул тууралуу күч органдары кабарлады.
Франциянын Ички иштер министрлигиндеги булактардын билдиргенине караганда, өлгөн эки аял кылмышка шектүүнүн апасы жана карындашы болгон.
Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. BFM TV телеканалынын маалыматы боюнча жаңжалга турмуштук чыр-чатак себеп болгон.
Маалыматтарга караганда, кол салган адам 1982-жылы туулган жана буга чейин терроризмди жактаганы үчүн соттолгон.
"Reuters" агенттиги бул кол салуу үчүн "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алганын кабарлады. Бирок согушкер топ эч кандай далил келтирген жок.
"Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун башчысы Абу-Бакр ал-Багдади бир күн мурда 54 мүнөттүк аудио кайрылуу жарыялаган. Анда бүт дүйнө боюнча чабуулдарды уланта берүү чакыры ташталган.
Эгер аудиожазуудагы үн Багдадиники экени тактала турган болсо, анда бул анын өлгөнү тууралуу маалыматтарды төгүндөйт.
Абу-Бакр Ал-Багдадинин кайда экени белгисиз, айрым маалыматтарда ал Сирия-Ирак чек арасындагы чөлдүү аймакта жүрөт.