Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёло баштады


Ош шаарынын Кулатов кичирайонундагы жаңыдан боёлгон үйлөр. 23-август, 2018-жыл.
Ош шаарынын Кулатов кичирайонундагы жаңыдан боёлгон үйлөр. 23-август, 2018-жыл.

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы дубалдары ар кандай түстөргө боёлуп, кооздоло баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, биринчилерден болуп шаардын Төрөбай Кулатов кичирайонундагы №6 жана №8 көп кабаттуу имараттары сырдалды.

Мындан сырткары, үйлөрдүн алдындагы мыйзамсыз курулган гараждар, соода жайлары, күркөлөр, тосмолор сүрдүрүлүп, жолдору кеңейтилди. Андан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар аянтчаларын куруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлө баштайт. Көрктөндүрүүгө кеткен акчанын 70% жашоочулардан, 30% мэриядан каржыланууда.

Бул иштер Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин тапшырмасы менен аткарылууда. Кооздоо жана мыйзамсыз объектилерди тазалоо иштерине муниципалдык кызматтар менен чогуу мэр өзү да аралашып жүрөт.

Эми башка көп кабаттуу турак жайлардын дубалдары сырдалып, анын айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды тазалоо, балдар аянтчаларын куруу жана жашылдандыруу иштери улантылат. Ош шаарында жалпысынан 700гө жакын көп кабаттуу үй бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG