Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн террорго каршы борборлорунун кызматкерлери эл аралык террордук уюмдардын жашыруун уюмчаларын аныктап, алардын аракетттеринин алдын алууда мамлекет аралык жана мекеме аралык карым-катнаш алгоритмин иштеп чыгышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Кеңешмеде террорчуларга каршы биргелешип иш алып баруунун механизмдери талкууланды.
Бул иш-чара “Ыссык-Көл-Антитеррор-2018” антитеррористтик машыгууларына карата даярдык болуп саналат. Бул машыгуулардын биринчи этабы ушул жылдын сентябрь айында ар бир өлкөнүн өзүндө өтүп, жыйынтыктоочу бөлүгү Кыргызстандын аймагында болот. (ErN)