Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Орусия соодада доллардан баш тартуу аракетин тездетүүгө ниеттенүүдө

Москвадагы акча алмашуучу жай. 23-август, 2018-жыл.
Москвадагы акча алмашуучу жай. 23-август, 2018-жыл.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтып чыкты.

Орус кабар агенттиктери маалымдагандай, ал "International Affairs" журналында жарыяланган интервьюсунда “өз ара эсептешүүдө доллардан кутулуп, башка альтернативаны издөө боюнча аракеттерде сөздөн ишке өтө турган учур келгенин” белгилеген. 

Мындан мурдараак Орусиянын энергетика министри Александр Новак да мунай соодасында, башка эсептешүүдө долларды алмаштырууга кызыккан өлкөлөр көбөйүп жатканына токтолуп, мисалы “Түркия жана Иран менен биз улуттук валюталарда эсептешүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз” деп билдирген.

Орусиянын расмий өкүлдөрү доллардан баш тартуу маселесин рубль кайрадан наркын жоготкон учурда көтөрүшүүдө.

АКШнын Орусияга каршы жаңы  экономикалык санкцияларына байланышкан кооптонуулардан  улам  23-августтагы соодада рубль 2% арзандап, бир доллар 69 рублден ашып өткөн. 

Бирок Орусиянын Борбордук банкы сентябрдын аягына чейин ички базардан валюта сатып албай турганын жарыялаган соң рублдин курсу кайра бир аз оңолуп, бир доллардын сатыктагы баасы 68,14 рублге чейин арзандады. (UE)

XS
SM
MD
LG