Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

"British Airways" жана "Air France" эми Иранга түз каттабайт


"British Airways" авиакомпаниясынын учактары.
"British Airways" авиакомпаниясынын учактары.

Британия менен Франциянын башкы авиакомпанияларынын бул жарыясы Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычын калыбына келтиргенден кийин чыкты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, "British Airways" Иран менен түз каттамын 22-сентябрда, ал эми "Air France" 18-сентябрда токтотот.

Эки компания тең мындай чечиминин жүйөсүн Тегеран менен жүргүзүлгөн аба каттамдары өзүн “коммерциялык жактан актабай калганы” менен түшүндүрдү.

Өткөн айда Нидерланддын KLM авиакомпаниясы да ушундай эле жүйө менен 24-сентябрдан тартып Тегеранга каттаган учактарын токтоторун жарыялаган.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин Европадагы катышуучулары Британия, Германия, Франция алардын Иран менен иш жүргүзгөн компанияларын АКШнын кайра калыбына келген санкцияларынан коргой турганын буга чейин билдиришкен.

Анткен менен Франциянын мунай-газ секторундагы "Total", Германиянын автоунаа жасаган "Daimler" жана "Deutsche Telekom" компаниялары Иран менен иштешүүнү токтотту.

АКШнын санкцияларынын кийинки баскычы ноябрь айынан тартып күчүнө киргени турат.

Президент Дональд Трамп быйыл майда Вашингтон 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкканын жарыялаган. Ал буга Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы, башка жерлердеги террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG