Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Меркел Түштүк Кавказ өлкөлөрүн кыдырууда


Ангела Меркел Тбилисидеги университетте сүйлөп жаткан кези. 24-август, 2018-жыл.
Ангела Меркел Тбилисидеги университетте сүйлөп жаткан кези. 24-август, 2018-жыл.

Немис канцлери Ангела Меркел аймактагы иш сапарын кечээ, 23-августта Грузиядан баштаган. Бүгүн ал Арменияга, ишемби күнү Азербайжанга барат.

Меркел бүгүн Тбилисиде сүйлөгөн учурунда "Орусиянын газын Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга түз алып баруучу “Түндүк агым - 2” долбоору Германияны энергия жагынан Москвага көз каранды кылат" деген пикирлерге кошулбай турганын билдирди.

Өткөн айда бул долбоорду АКШнын президент Дональд Трамп Брюсселде жүргөндө кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында калганын", жаңы газ куурунун курулушу аны күчөтөрүн белгилеген.

"Reuters" агенттигинин немис өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянып кабарлаганына караганда, канцлер Меркел Бакуга барганда Азербайжандан Түркия аркылуу Европа үчүн газ алуу маселесин талкууламакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG